# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрели № 33/VIII-29 "Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрели № 33/VIII-29 "Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33/VIII-29
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44932/edition/38042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрели № 33/VIII-29 "Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032117

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 28-апрели № 33/ VIII-29

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ак-Кудук айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрынын №821 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 15-жылдын 2024-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү администрациялардын убактылуу жетекчилигине өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомунун 13-пунктунда көрсөтүлгөн пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды районду өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүү маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын болжолдонгон 17173,80 сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 5152,1 сом Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.

Төрага

Дж.Маванкуй
