Ак-Кудук айылдык кеңешинин «Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-апрели № 33/ VIII-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрынын №821 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 15-жылдын 2024-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү администрациялардын убактылуу жетекчилигине өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомунун 13-пунктунда көрсөтүлгөн пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды районду өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүү маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын болжолдонгон 17173,80 сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 5152,1 сом Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага
Дж.Маванкуй
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2024 · № 821 · Күчүн жоготкон