# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 32/VII-29 "“Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 32/VII-29 "“Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32/VII-29
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44930/edition/38040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 32/VII-29 "“Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (27.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032113

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 27-марты № 32/VII-29 “Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө

Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан түзүлгөн жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгынын жана Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-мартындагы №01-9/667 катынын негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Ак-Кудук айыл аймагындагы “Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларына караштуу сугат тармактары Ысык-Ата райондук сугат суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер, турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Дж.Маванкуй
