# Барпы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10 “Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Барпы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10 “Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13/10
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78697/edition/37986/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Барпы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10 “Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” токтому (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032065

---

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы

2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10

“Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасынын 06.02.2023-жылда жазган кайрылуусун эске алуу менен Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы ар бир кожолуктан чыккан күнүмдүк тиричилик калдыктарын ташып кетүүгө 150сом, ал эми соода сатык түйүндөрунөн, мекеме, ишканалардан жана билим берүү мекемелеринен 471сом өлчөмүндө койулган баасы тууралуу жергиликтүү кеӊешинин депутаттары тарабынан талкууга алынап, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

ТОКТОМ

1. “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан убактылуу 6 ай мөөнөтүндө, ар бир кожолуктан 1м3 таштандыны алып чыгып кетүүгө 150 (жүз элүү) сом, ал эми соода сатык түйүндөрүнөн, мекеме, ишканалардан жана билим берүү мекемелеринен 1м3 таштандыны алып чыгып кетүүгө 471 (төрт жүз жетимиш бир) сом өлчөмүндө акы төлөө жагы каралсын.

2. “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Бегматовго: 6 ай мөөнөт ичинде аткарылган жумуштун жыйынтыгы менен таштандыларды алып чыгып кетүүгө бологон баанын өзгөрүшүн же жогоруда белгиленген баа менен калтыруу боюнча сессияга сунуштасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Барпы айылдык кеңешинин төрагасы:

У.Абдыкулов
