# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 602 "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 602 "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 472
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44916/edition/37963/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 602 "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (05.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032044

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-августу № 472

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 602 "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Почта байланышынын дайындалган оператору болуп саналган "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү максатында, "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 602 "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2026-жылдын 1-январынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин - төлөмдөрдүн көлөмүнөн 2% деңгээлде.";

- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
