Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 „XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагалардын орун басарларын бекитүү жөнүндө“ токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 16-марты № 72 Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагалардын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү бекитилсин:
а) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Досиев Эдик Шарипович;
б) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Чалов Ильяз Алмазович.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагалардын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-пункттун 2-абзацындагы "Сариев Таалайбек Жолдошбаевич" деген сөздөр "Досиев Эдик Шарипович" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-пункттун 3-абзацындагы "Досиев Эдик Шарипович" деген сөздөр "Чалов Ильяз Алмазович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом дун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын…Постановление · 30.07.2021 · № 4