# 12-берене. Жарандык авиация органын каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032032/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5640/edition/37956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032032/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 12-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032032/st-12

---

1. Жарандык авиация органын каржылоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен;

2) жарандык авиация уюмдарынан келип түшкөн милдеттүү чегерүүлөрдүн эсебинен.

2. Жарандык авиация органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жарандык авиация чөйрөсүндө төлөмдөрдү алууга укуктуу.";

8) 13-беренеде:

а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия учуулардын коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү, ошондой эле ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү териштирүү боюнча орган жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык башка иштерди жүзөгө ашырат.

2. Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия мамлекеттик бюджеттен каржыланат.";

б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 4-бөлүктүн биринчи абзацы "Териштирүү боюнча органдын" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) комиссиянын" деген сөздөр менен толукталсын;

г) 5-бөлүктө "Териштирүү боюнча орган" деген сөздөр "Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия" деген сөздөргө алмаштырылсын;

д) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

е) төмөнкүдөй мазмундагы 7-11-бөлүктөр менен толукталсын:

"7. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү жүзөгө ашыруучу териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия авиациялык кырсыкка же инцидентке тартылган адамдардын фамилияларын ачыктабайт.

8. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү жүзөгө ашыруучу териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия борттук сөздөрдү өзү жазгычтардын үн жазууларынын мазмуну, ошондой эле визуалдык жагдайды борттук каттоочулардын видео же үн жазууларынын мазмуну ачыкталбашы үчүн чара көрөт.

9. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү жүзөгө ашыруучу, акыркы отчеттун долбоорун алган териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия анын ачыкталбашы үчүн чара көрөт.

10. Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия териштирүү жүргүзүү боюнча нускамаларды алууга, суроого тийиш эмес жана алардын териштирүүлөрүнө тиешелүү маалыматтарга чектөөсүз жетүү жана аны контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

11. Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия Кыргыз Республикасынын авиациялык жана сот органдарына көз каранды эмес. Алардын уюштуруучулук жана ыкчам иши тергөөнүн жүрүшүнө же объективдүүлүгүнө тоскоол боло турган башка түзүмдөргө көз каранды эмес.";

9) 14-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 16-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21-берене. Учкучсуз учуучу аппараттар

1. Учкучсуз учуучу аппараттар Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүнөн учууларды жарандык авиация органынын уруксатынын негизинде аткарат.

2. Учкучсуз учуучу аппараттардын Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учкуч башкарган аба кемелери менен бирге учуусунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталат.

3. Тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү корголуучу объекттердин үстүнөн учкучсуз учуучу аппараттардын учуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.";

11) 24-берененин 8-пунктунда, 28-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 34-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык учууларды жүзөгө ашыруучу аэронавигациялык тейлөөнү пайдалануучуларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларды кошпогондо, аэронавигациялык тейлөөнү пайдалануучулар аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөйт.";

б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 36-беренеде:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Аба кемесин каттоо, каттоо жөнүндө тастыктаманы берүү, Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрин жүргүзүү, мамлекеттик таануу белгилерин пайдалануу, аба кемесин каттоодон алып салуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү Авиациялык эрежелеринде белгиленет.";

б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

14) 37-40-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;

15) 46-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"46-берене. Радиотехникалык жабдуулар, фотоаппаратура жана жогорку сезгич аралыктык аппаратура

1. Аба кемесинин бортунда орнотулган радиотехникалык каражаттар тиешелүү уруксат болгондо эксплуатацияланат. Аба кемесинин радиотехникалык жабдууларынын иштешине кандайдыр бир тоскоолдук жаратууга тыюу салынат.

2. Ар кандай аэрофотосүрөткө тартуу аппаратурасы жана жогорку сезгич аралыктык аппаратура аба кемесинин бортуна орнотулушу мүмкүн жана жарандык авиация боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен гана мындай уруксаттын шарттарына ылайык эксплуатацияланат.";

16) 47-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

17) 48-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"48-берене. Аба кемесинин тибин таанууга карата милдеттенмелер

1. Жаңы аба кемеси же аба кемесинин бөлүгү учууга жарактуулуктун техникалык талаптарына шайкештигин камсыз кылуу максатында типти таануу жол-жобосунан өтөт.

2. Аба кемелеринин тибинин тастыктамаларын таануу, бул тастыктамаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, оңдоо долбоорун, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарына шайкештиги тууралуу документтерди, ызы-чуу боюнча типтин тастыктамаларын, аба кемелеринин тибин жактыруу менен байланышкан башка тастыктамаларды жактыруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.";

18) 9-главанын аталышында "жана анын бөлүктөрүн" деген сөздөр алып салынсын;

19) 49-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестринде катталган бардык аба кемелери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталуучу шарттарга ылайык учууга жарактуулукту сактоо боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Текшерүү процессинде шарттарга шайкеш келбестиктер аныкталган учурда, учууга жарактуулук тастыктамасынын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык токтотулуп турат же жокко чыгарылат.

3. Аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн жана комплекттөөчүлөрүн (компоненттерин) техникалык тейлөө, модификациялоо Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле аба кемесинин белгилүү бир тибин даярдоочунун техникалык шарттарына ылайык жүргүзүлөт.";

20) 50-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Аба кемелерин, алардын курамдык бөлүктөрүн жана комплекттөөчүлөрүн (компоненттерин) техникалык тейлөө техникалык тейлөө боюнча бекитилген уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Учууга жарактуулукту сактоону учууга жарактуулукту сактоо боюнча уюмдар жүзөгө ашырат. Техникалык тейлөө боюнча уюмдарды бекитүү жана аларга карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленет.";

21) 51-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"51-берене. Аба кемесин техникалык тейлөө программасы Аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн жана комплекттөөчүлөрүн (компоненттерин) техникалык тейлөөнүн бардык түрлөрү аба кемесинин ар бир тиби жана модели үчүн аба кемесинин эксплуатанты тарабынан даярдалган техникалык тейлөөнүн бекитилген программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган тартипте жүргүзүлөт.";

22) 52-беренеде:

а) 2-бөлүктө "чектелген" деген сөз алып салынсын;

б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Аба кемелерине, анын ичинде жеңил жана өтө жеңил аба кемелерине, колго жасалган жана учкучсуз учуучу аппараттарга учууга жарактуулук тастыктамасын берүүнүн, токтотуп туруунун жана жокко чыгаруунун тартиби, ошондой эле башка чектөөлөр жана тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";

г) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Жарандык аба кемелеринин учууга жарактуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик жарандык аба кемесинин эксплуатантына жүктөлөт.";

23) 55-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

24) 59-берененин экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ыктыярдуу кабарлоолор тутуму, ошол кабарларды берген жарандык авиация уюмдарынын кызматкерлерин жазалоо үчүн колдонулбайт.";

25) 62-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

26) 64-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) авиациялык коопсуздук чараларынын сапатын контролдоону жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген башка чаралар менен.";

27) 65-беренеде:

а) 3-бөлүктө "тастыктаманын" деген сөз "жол берменин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын тизмекте аныкталган кызмат адамдарын кошпогондо, кароо аба кемесине ташылып жүргөн ар бир адамга жана анын жол жүгүнө карата жүргүзүлөт.";

28) 66-беренеде:

а) 1-бөлүк "борборлоруна," деген сөздөн кийин "жарандык авиациянын медициналык мекемелерине" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүктө "жайларын жана борборлорун" деген сөздөр "жайларын жана борборлорун, жарандык авиациянын медициналык мекемелерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

29) 67-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"67-берене. Аудит жана инспекция жөнүндө отчет Жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык түзүлөт.";

30) 68-берененин 3-бөлүгүндө:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) бардык аба кемелерине, аэропорттордун, аэродромдордун жана вертодромдордун, конуу аянтчаларынын жайларына жана объекттерине, аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча объекттерге, стерилдүү чөлкөмдөргө, кирүү чектелген кайтаруудагы чөлкөмдөргө, ангарларга, техникалык тейлөө боюнча уюмдарга, чеберканаларга, перрондорго, күйүүчү май сакталуучу жайларга, күйүүчү май куюучу уюмдарга жана алардын объекттерине, экслуатанттардын кызматтык жайларына, жүктөрдү жайлаштыруу чөлкөмдөрүнө, авиациялык окуу жайларына жана борборлорго, жарандык авиациянын медициналык мекемелерине жана жарандык авиациянын башка объекттерине толук жана тоскоолдуксуз жетүүгө;";

б) 2-пункт "авиациялык коопсуздук кызматтарынан" деген сөздөрдөн кийин ", жарандык авиациянын медициналык мекемелеринен" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) эксплуатанттардын, жарандык авиациянын медициналык мекемелеринин жана жарандык авиациянын башка уюмдарынын кызмат адамдарына учуунун коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча жазма буйруктарды аларды аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө менен берүүгө, ошондой эле ушул жазма буйруктардын аткарылышын текшерүүгө;";

г) төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, ведомстволорунан жана мамлекеттик органдарынан керектүү маалыматты жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоого байланыштуу маалыматтарды суроого жана алууга.";

31) 70-берененин 1-бөлүгү "Учуу коопсуздугунун" деген сөздөрдөн кийин "жана авиациялык коопсуздуктун" деген сөздөр менен толукталсын;

32) 71-берененин аталышы жана 1-бөлүгү "Учуу коопсуздугунун", "учуулардын коопсуздугуна" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "жана авиациялык коопсуздуктун", "жана авиациялык коопсуздукка" деген сөздөр менен толукталсын;

33) 72-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Авиация персоналынын адистеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталат.";

34) 73-берененин 2-бөлүгүндө "чектелген мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;

35) 75-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Мамлекеттик авиация персоналынын реестри жарандык авиация органы тарабынан жүргүзүлөт.";

36) 79 жана 80-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"79-берене. Авиация персоналынын күбөлүгүнүн колдонулушун токтотуп туруу

1. Эгерде инспекция авиация персоналынын күбөлүгүнүн ээси белгиленген эрежелерди, жол-жоболорду сактабагандыгын же аба транспортунда коопсуздукка коркунуч келтиргендигин аныктаса, жарандык авиация органынын инспектору аны авиация персоналынын күбөлүгүндө каралган ишти аткаруудан четтетүүгө укуктуу.

2. Авиация персоналынын күбөлүгүнүн же квалификациялык белгисинин колдонулушун токтотуп туруу жана кайра жаңылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032/st-11)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032/st-80)
