Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 01.10.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 8, 1060-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 1-бөлүк "Авиациялык эрежелеринен" деген сөздөрдөн кийин ", Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелеринен" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу эрежелери болуп мамлекеттин улуттук, экономикалык коопсуздугу, эгемендигин коргоо, коргонуу, калктын коопсуздугу, конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары саналат.";
2) 4-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кодекстин жоболору жарандык авиациянын ишинин бардык түрлөрүн, ыйгарым укуктуу органдын иш-милдеттерин жана милдеттерин, аба кемесин эксплуатациялоонун, аба мейкиндигин пайдалануунун, Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык тейлөөсүн камсыздоонун жол-жоболорун жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык авиация жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу бардык жеке жана юридикалык жактарга карата колдонулат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Кодекстин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык жарандык аба кемелерине, ошондой эле алар кайсы жерде болбосун, Кыргыз Республикасында катталган бардык жарандык аба кемелерине карата колдонулат.";
3) 5-беренеде:
а) 2-бөлүктө "жана коомдук тартипти коргоо" деген сөздөр ", коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк "жалпы багыттагы авиация" деген сөздөрдөн кийин "(коммерциялык эмес)" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 6-беренеде:
а) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) учкучсуз учуучу аппарат (УУА) - учууну бортунда учкучсуз (экипажсыз) аткарган, оператор тарабынан аралыктан же берилген программа боюнча автоматтык түрдө же болбосо көрсөтүлгөн ыкмаларды айкалыштырып башкарылуучу учуучу аппарат;";
б) 16-пунктта "жана коомдук тартипти коргоо" деген сөздөр ", коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 35-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 36-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик орган
1. Ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты, жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация органы) саналат.
2. Жарандык авиация органы өз ишин ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жарандык авиация органы жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырат.
3. Жарандык авиация органы ушул Кодекстин, башка мыйзамдардын, жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, аба транспорту жаатындагы эл аралык келишимдердин аткарылышына жооп берүүчү адистештирилген административдик орган болуп саналат.
4. Ушул Кодекстин жана башка тиешелүү мыйзамдардын же жарандык авиация жаатындагы эл аралык келишимдердин алкагында жарандык авиация органы жарандык авиация ишине тиешеси бар башка уюмдарга, жеке жана юридикалык жактарга карата административдик чечимдерди кабыл алууга жана эрежелерди, колдонмолорду, нускамаларды, стандарттарды, буйруктарды жана тескемелерди колдонууга укуктуу.";
6) 8 жана 9-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 10-12-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Жарандык авиация органынын ыйгарым укуктары
1. Жарандык авиация органынын иш-милдеттери жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, аба транспорту жаатындагы эл аралык келишимдердин алкагында жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
3) Учуулардын коопсуздугу боюнча өкмөттүк программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) Кыргыз Республикасын жарандык авиация жаатындагы эл аралык уюмдарда көрсөтүү, жарандык авиация ишинин маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларга, меморандумдарга кол коюу;
6) аба мейкиндигин пайдалануу жол-жоболорун жөнгө салуу, уруксаттарды берүү, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү киргизүү;
7) тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандык жана мамлекеттик аба ташууларын координациялоо;
8) жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
9) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин жана жарандык авиация жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларын Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алынуучу Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбалары менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылгандай түрдө иштеп чыгуу. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин жана жарандык авиация жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларынын Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттары жана сунушталган тажрыйбалары менен бир түрдүү болушун камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, жарандык авиация органы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жарандык авиация жаатындагы эл аралык стандарттарда белгиленген ченемдердин ортосундагы айырмачылыктар тууралуу Эл аралык жарандык авиация уюмуна кабарлайт;
10) жарандык авиациянын бардык эксплуатанттарынын, уюмдарынын жана ишканаларынын ишине алардын ушул Кодекске, ага ылайык чыгарылган стандарттарга жана эрежелерге ылайык келишине, ошондой эле алардын башка мамлекеттер менен макулдашууларга ылайык келишине туруктуу көзөмөл жүргүзүү;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында учууларды жүргүзгөн башка мамлекеттин аба кемесин жана экипаж мүчөлөрүн инспекциялоо;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрин жүргүзүү;
13) Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорунун жана вертодромдорунун реестрин жүргүзүү;
14) тастыктамаларды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү, квалификациялык белгилерди берүү, таануу, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, колдонулушун токтотуп туруу, жокко чыгаруу, ошондой эле тийиштүү арыздарды кароо жана корутундуларды берүү;
15) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация персоналын даярдоо боюнча окуу программаларын макулдашуу;
16) коммерциялык ташуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө уруксаттарды берүү жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мындай ташууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга карата талаптардын туюндурулушу;
17) ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү;
18) сунушталган аба ташууларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон эксплуатанттын техникалык, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
19) жарандык авиация органы тарабынан белгиленген жол-жоболорго ылайык, эгерде алар учуулардын коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка коркунуч келтирсе, учууларды аткаруунун жана жарандык авиация ишинин ар кандай түрлөрүнө тыюу салуу, жокко чыгаруу, убактылуу токтотуу же өзгөртүү;
20) Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалымат жыйнагын басып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аба трассаларынын жана аба жолдорунун тизмегин бекитүү;
21) аба транспортунун зыяндуу таасиринен айлана-чөйрөнү сактоо жана коргоо жаатында мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү;
22) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү жаатына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
23) Кыргыз Республикасынын аба транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
24) Учуулардын коопсуздугу боюнча өкмөттүк программанын жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын жоболорунун сакталышына көзөмөл жүргүзүү;
25) Кыргыз Республикасына (Кыргыз Республикасынан) үзгүлтүксүз жүргүнчүлөр каттамдарын аткарууну пландаган чет өлкөлүк ташуучуларды жана авиа ишканаларын аккредитациялоо;
26) авиациялык коопсуздук жаатында Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 17-тиркемесинин жоболоруна ылайык келген саясатты жана талаптарды иштеп чыгуу;
27) коопсуздуктун кечиктирилгис чараларын киргизүү жөнүндө талапты камтыган тескемелерди, буйруктарды, директиваларды, нускамаларды жана башка документтерди басып чыгаруу;
28) авиациялык коопсуздук жаатындагы саясаттын жана талаптардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
29) жарандык авиация уюмдарына учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга таасирин тийгизбеген, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген талаптарды аткаруудан бошотууларды берүү. Тиешелүү бошотууларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат;
30) ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларында каралган, жарандык авиация ишин жөнгө салууга тиешелүү болгон башка ыйгарым укуктарды жана иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу.
2. Жарандык авиация органы белгиленген компетенциясынын алкагында Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарын жана сунушталган тажрыйбасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, стандарттарын жана эрежелерин аткаруу боюнча ыйгарым укуктарды эл аралык органга, юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп бере алат. Өткөрүп берилген иш-милдеттер жарандык авиация органы тарабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.
3. Мамлекеттик аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздугун камсыз кылууну жөнгө салуу жана көзөмөлдөө үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана ушул мамлекеттик аба кемелери карамагында турган ведомстволорго жүктөлөт.
4. Кыргыз Республикасында жарандык авиация жаатында ишин жүзөгө ашырган бардык жеке жана юридикалык жактар жарандык авиация органы тарабынан чыгарылган бардык эрежелерди жана (же) колдонмолорду сактоого, жарандык авиация органынын буйругуна баш ийүүгө жана ага талап кылынган маалыматты жана документтерди берүүгө, ошондой эле жарандык авиация органынын кызмат адамдарына алардын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүнө кирген бардык маалыматтарга, документтерге, аба кемелерине, объекттерге, жабдууларга жана зоналарга каалаган убакта жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
5. Тастыктамалоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн жарандык авиация органы башка органдарды уюштурууга/түзүүгө жана алардын ортосунда милдеттерди так бөлүштүрүү менен өз иш-милдеттерин аларга өткөрүп берүүгө укуктуу. Мындай органдардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.
6. Жарандык авиация органы Учуулардын коопсуздугу боюнча Европа агенттиги, чет мамлекет же жарандык авиация чөйрөсүндөгү эл аралык уюм тарабынан берилген, авиациялык техникага жана авиациялык уюмдарга тиешелүү болгон тастыктамаларды, лицензияларды, бекитүүлөрдү жана башка документтерди тааныйт. Таануу жарандык авиация органы тарабынан бекитилген жол-жоболордун негизинде, же болбосо ал тарабынан кол коюлган макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 01.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230032032/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>