Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 25-апрели № 77 Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине толуктоо киргизүү тууралуу
Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын ишин активдештирүү жана натыйжалуулугун камсыздоо максатында, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын кайрылууларынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин 38-пункту төмөнкү мазмундагы 5-абзац менен толукталсын:
“Бишкек шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын курамына азыркы депутаттык чакырылыш тарабынан түзүлгөн ар бир фракциядан бирден өкүл кириши зарыл.”.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2012 · № 2