# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынын мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынын мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44903/edition/37915/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынын мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому (07.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032009

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-октябры № 645

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта:

– экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– мунайды кайра иштетүүчү ата мекендик заводдор тарабынан өндүрүлүүчү мазуттан жана жылытуучу отундан (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) тышкары, автомобиль жана темир жол транспорту менен мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу).”;

– үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 3-пунктта “финансы” деген сөз “коммерция” деген сөзгө алмаштырылсын;

3)..5-пунктта “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 77 (3733) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
