# Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-июлу № 29-12/7 "Зоналдык коэффициенти бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-июлу № 29-12/7 "Зоналдык коэффициенти бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29-12/7
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032008>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44899/edition/37918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032008.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-июлу № 29-12/7 "Зоналдык коэффициенти бекитүү жөнүндө" токтому (16.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032008

---

ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 16-июлу № 29-12/7

Зоналдык коэффициенти бекитүү жөнүндө

Жаңы-Пахта айыл аймагына караштуу, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонуучу зоналдык коэффициенттер (К3) жана нарктык зоналарды бекитүү жөнүндө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн СЭББ башчысы А.К.Байматовдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Пахта айыл аймагына караштуу, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонуучу зоналдык К3 коэффиценти 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы социалдык-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Байматов Айбек Кадырбековичке жүктөлсүн.

Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы

Бердигулов А.М.
