# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябры № 630 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябры № 630 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 630
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44884/edition/37893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябры № 630 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031989

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 3-октябры № 630

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана жол куруу тармагын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-пунктчалар менен толукталсын:

“3) ведомстволук мамлекеттик ишканалар менен биргеликте жол куруу тармагын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзсүн;

4) 2025–2026-жылдарга титулдук тизмени иштеп чыгууда бул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды карасын.”;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

“61. Бул токтомдун 1-пунктунун 4-пунктчасы 2026-жылдын 1-майынан тартып колдонулууга тийиш деп белгиленсин.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 76 (3732) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
