# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-сентябры № 49 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-сентябры № 49 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031976>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44873/edition/37881/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031976.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-сентябры № 49 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө" токтому (29.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031976

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-сентябры № 49

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, (чыгыш 2025-жылдын 7 – августундагы № 7/10, 2025-жылдын 16 – августундагы № 7/16, 2025-жылдын 27 – августундагы № 7/18, 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 7/21, 2025-жылдын 1 сентябрындагы № 7/22 жана 2025-жылдын 5 – сентябрындагы № 7/24) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын каттарынын негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү үчүн 1315 талапкердин документтери анын ичинде: Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына – 59 документ, участкалык шайлоо комиссиясына – 1256 документ Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2. Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Төрага

Б. Усеналиев
