# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 542
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44870/edition/37862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (01.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031968

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 1-сентябры № 542

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттердин инвесторлор менен жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти жүргүзүү шарттарын жакшыртуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жободо:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-пункт менен толукталсын:

"1-2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик ишкананын же чарбакер субъекттин жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча белгилүү бир инвестор менен кызматташуусу жөнүндө чечим кабыл алганда конкурс өткөрүлбөйт, ал эми мындай инвестор менен биргелешкен иш жөнүндө макулдашуу (жөнөкөй шериктештик келишими же болбосо биргелешкен ишкананын уюштуруу документтери) түздөн-түз ушул Жобонун 1-пунктунда белгиленген шарттарга ылайык түзүлөт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
