# Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 82 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны" наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 82 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны" наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44866/edition/37848/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031960.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 82 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны" наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому (25.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031960

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 25-апрели № 82 «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиянын протоколдорунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022 - жылга "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

Осмонов Кыргызбай Арапбаевич –Кыргыз Республикасынын эл жана эмгек сиңирген артисти; Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты; Сайрамбаев Досжан Шамшыкович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу; Торобаев Эргеш – Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги, Кыргыз Ресубликасынын Жогорку Кеңешинин төрт чакырылышынын депутаты; Долоталиева Дамира Темирбековна – Кыргызтстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн ишканалары ассоциациясынын президенти, “Дордой” СБКсынын профсоюздарынын төрагасы; Дуйшекеев Азамат Качкынович – Бишкек шаары боюнча Кыргыз Республикасынын Дзюдо улуттук федерациясынын өкүлчүлүгүнүн президенти; Акназарова Роза Корчубековна - экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 “Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын белгилеринин, грамоталарынын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону озүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

К. Конгантиев
