# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-октябрындагы № 221 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-октябрындагы № 221 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 221
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230031937/edition/39219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-октябрындагы № 221 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031937

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 16-октябры № 221 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230031937/st-1)

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине колдонулбайт.";

2) 19-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган банктык операцияларды жана банк иштерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияны албастан жүзөгө ашырууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230031937/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 24-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
