# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 536
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031916>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44845/edition/37799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031916.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (28.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031916

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 8-апрели № 185

Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү жөнүндө

Эпизоотиялык бакубаттуулукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 28-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмеги (мындан ары – Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмекке киргизилген жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын алдын алуу, диагностикалоо жана жоюу үчүн ветеринардык дары каражаттарын сатып алуу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржыланат деп;

2) Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторуна Тизмекте каралган жаныбарлардын ылаңдарынын артыкчылыгына жана маанилүүлүгүнө жараша бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдаланууну аныктоо укугу берилет деп.

3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул токтомго ылайык финансылык каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 374 «Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланчу ылаңдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
