# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 505
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031897>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44827/edition/37770/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031897.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (20.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031897

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 20-августу № 505

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинде: 9-пунктта:

- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- Элдик Курултайдын сунуштарынын;";

- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- колдонуудагы мыйзамдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баалоонун натыйжаларынын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
