# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябры ПЖ № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10 апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябры ПЖ № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10 апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 273
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031895>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10930/edition/37769/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031895.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябры ПЖ № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10 апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031895

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 1-октябры ПЖ № 273

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10 апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө жободо:

– 12-пункт төмөнкү мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:

“16) карамагындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу жоопкерчилик тартат.”.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
