Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарына талаптарды (өтүнмөлөрдү) жазуунун жана тариздөөнүн Тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 3-тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна)
Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарына талаптарды (өтүнмөлөрдү) жазуунун жана тариздөөнүн ТАРТИБИ
1. Дарылоо-диагностикалык процессти камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо уюмдары дарыканалардан дары каражаттарын алуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын талаптарына (өтүнмөлөрүнө) (мындан ары - Талап) ылайык саламаттык сактоо уюмунун дарыканасынан дары каражаттарын алышат.
2. Талаптарда бөлүмдүн же кабинеттин аталышы, саламаттык сактоо уюмунун штампы, тегерек мөөрү, жетекчинин же анын орун басарынын колу болууга тийиш.
3. Талаптарда дары каражатынын аталышы, дозасы жана дары формасы (таблеткалар, ампулалар, маздар, суппозиторийлер ж.б.), таңгактын жалпы саны жана түрү (кутулар, флакондор, түтүкчөлөр ж.б.) көрсөтүлөт.
4. Дары каражаттарынын аталышы латын тилинде жазылат. Талаптарда дары каражатын колдонуу ыкмасы көрсөтүлөт: инъекциялар үчүн, сырттан колдонуу үчүн, ичип кабыл алуу, көз тамчылары ж.б.
5. Баңгизат каражаттарын, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү заттарды жана этил спиртин камтыган дары каражаттарына коюлуучу талаптар штамп, тегерек мөөр менен өзүнчө бланктарга жазылат жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин же анын орун басарынын колу коюлат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.