Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дары каражаттарына рецепт жазуу Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 1-тиркеме)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна)
Дары каражаттарына рецепт жазуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Тиешелүү медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарына медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптарга дары каражаттары дайындалат жана аларга рецепттер жазылат. Дары каражатын дайындоо оорулуунун медициналык картасында чагылдырылат.
Баңгизат каражатын же психотроптук затты камтыган дары каражатын алуунун зарылдыгы болгон учурларда бейтап стационардан чыккандан кийин саламаттык сактоо уюму бейтапты беш күндүк керектөөдөн ашпаган көлөмдө баңгизат каражатын же психотроптук затты камтыган дары каражаты менен камсыз кылат. Баңгизат каражатын же психотроптук затты камтыган дары каражатын берүү фактысы стационардык бейтаптын (оорулуунун) медициналык картасынан алынган көчүрмөдө чагылдырылат.
2. Төмөнкү учурларда рецепттерди жазууга тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык колдонууга уруксат берилбеген дары каражаттарына;
2) медициналык көрсөткүчтөрү жок болгон учурда;
3) амбулаториялык оорулууларга жалпы анестезия үчүн колдонулуучу дары каражаттарына (ингаляциялык жана ингаляциялык эмес наркоз) жана миорелаксанттарга;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмегиндеги (мындан ары - Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмеги) IV тизмедеги баңгизат каражаттары камтылган дары каражаттарына, I тизмедеги психотроптук заттарга, Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорунун тизмесиндеги заттарга, ошондой эле Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун камтыган жандуу организмдердин тизмесиндеги заттарга.
3. Төмөнкүлөрдү камтыган дары каражаттары саламаттык сактоо уюмдарында жана фармацевтикалык уюмдарда предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда аталган токтому менен бекитилген тизмелер боюнча баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, күчтүү таасир этүүчү заттар;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте этил спирти.
4. Дары каражаттарына, анын ичинде баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарына рецепттерди жазып берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
1) менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын врачтары;
2) белгиленген тартипте берилген лицензиясы болгон учурда жеке медициналык практиканы ишке ашыруучу врачтар;
3) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда - врач жок болгон учурда - фельдшердик-акушердик пункттардын (мындан ары - ФАП) башчылары, ошондой эле өзүлөрүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк медайымдар жана/же үй-бүлөлүк медагалар.
5. Жекече иш жүргүзгөн врачтар рецепт бланктарына штамп басышат, анда аты-жөнү, жеке салык номери, дареги, лицензиянын номери жана берилген күнү көрсөтүлөт.
6. Рецепттер ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн формалар боюнча типографиялык ыкма менен басылып чыккан, саламаттык сактоо уюмунун штампы бар бланктарга жазылууга тийиш.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалымат системасында рецепттерди электрондук форматта жазууга жол берилет. Электрондук рецепт жазылган учурда рецептти кагаз жүзүндө тариздөө талап кылынбайт. Дары каражаттарына рецепттер ДК-1 формасындагы рецепт бланктарына жазылат. Электрондук рецептте ДК-1 рецепт бланкынын формасында белгиленген милдеттүү параметрлер көрсөтүлөт. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалымат системасынын иштөө, анын ичинде электрондук рецепттерди жазуу тартибин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Дары каражаттарына рецепттер эл аралык патенттелбеген аталыштары менен латын тилинде так жана түшүнүктүү, бланктагы бардык графаларды милдеттүү түрдө толтуруу менен жазып берилет, врачтын колу жана жеке мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Рецептке оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт. Эгерде дары каражатынын эл аралык патенттелбеген аталышы жок болсо, рецепт жазууда соодалык аталышы колдонулушу мүмкүн. Эгерде курамында баңгизат каражаты камтылган дары каражатын алуучу бейтаптын өзү болбосо, рецепт бланкынын "Жаран" графасында ал аркылуу дары каражаты алынган адамдын паспортунун маалыматтары көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн маалымат бейтаптын медициналык картасына милдеттүү түрдө киргизилиши керек.
7. Экстемпоралдык даярдоо үчүн рецептте дары каражатынын курамы, дары формасы жана фармацевттин даярдоо үчүн көрсөтмөсү латын тилинде таризделет. Рецептте латынча кыскартууларды колдонууга ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык медициналык жана фармацевтикалык практикада кабыл алынган белгилер боюнча гана уруксат берилет.
Кайсы дары каражаты жазып берилгенин аныктоого мүмкүндүк бербеген аталыштары окшош ингредиенттердин белгилерин кыскартууга жол берилбейт. Баңгизат, психотроптук жана күчтүү таасир берүүчү каражаттардын аталыштары рецепттин башында жазылып, андан кийин бардык башка ингредиенттер көрсөтүлөт.
8. Эгерде экстемпоралдык даярдоого рецептте шайкеш келбеген дары каражаттары көрсөтүлсө же дозасы жөнүндө маалымат жок болсо, фармацевт дарынын аталышын, анын дозасын жана фармацевтикалык/фармакологиялык шайкештигин тактоо үчүн рецепт жазып берген врач менен байланышууга милдеттүү. Бейтапка дары каражаты такталган маалымат алгандан кийин гана берилет.
9. Дары каражатын колдонуу ыкмасы мамлекеттик же расмий тилде милдеттүү түрдө дозасын, жыштыгын, убактысын жана кабыл алуунун узактыгын белгилөө менен көрсөтүлөт. Тамак-аш менен өз ара аракеттенүүдөгү дары каражаттары үчүн тамак-ашты кабыл алууга карата кабыл алуу убактысы кошумча көрсөтүлөт (тамактануунун алдында, учурунда же андан кийин).
10. Бейтапка дары каражатын шашылыш түрдө берүү зарыл болгон учурда рецепт бланкынын жогору жагында төмөнкүдөй белгилер коюлат: "cito" (тез) же "statim" (дароо).
11. Рецепт жазууда суюк заттардын саны миллилитр жана тамчылар менен, ал эми калган заттар - грамм, миллиграмм, таасир берүү бирдиги (Б) жана эл аралык бирдик (ЭБ) менен көрсөтүлөт.
12. Бир рецепт бланкында бир дары каражатын жазууга уруксат берилет:
1) бекер же жеңилдетилген шарттарда берүүгө арналган;
2) предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон.
13. Амбулаториялык оорулууларга баңгизат дары каражаттары ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык рецепттин бланкынын формасына ылайык саламаттык сактоо уюмунун штампы, сериялык номери жана коргоо даражалары бар баңгизат дары каражаттары үчүн атайын рецепт бланктарында жазылууга тийиш. "Оору таржымалы №" талаасында "н/ж Амбулаториялык картаны" көрсөтүүгө болот.
Баңгизатты камтыган дары каражатына рецептти врач өз колу менен жазып, кол коёт жана өзүнүн жеке мөөрү менен күбөлөндүрөт. Кошумча рецептке саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жана (же) үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси кол коюуга тийиш, ошондой эле "Рецепттер үчүн" деген жазуусу бар саламаттык сактоо уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
14. Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегиндеги баңги каражаттарынын III тизмесиндеги заттарды камтыган дары каражаттары ДК-1 рецепт бланктары боюнча жазылышы керек.
Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегиндеги IV тизмедеги психотроптук заттарды камтыган дары каражаттары рецепти жок сатылат.
15. Эгерде оорулуунун ден соолугунун абалы боюнча врачка жеке өзү келүүгө мүмкүн болбосо, курамында баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган дары каражатын жазып берүүдө врач бейтаптын амбулаториялык медициналык картасында жана рецепттин арткы бетинде врачтан рецепт алууга жана дарыканадан дары каражатын алууга укугу бар адамдардын маалыматтарын көрсөтөт.
16. Баңгизат каражаттарына кайталап рецепт жазууда врач бейтапка мурда жазылган дары каражатынын санын текшерүүгө милдеттүү. Бейтапта бир же эки күндүк дозадан ашпаган көлөмдө колдонулбаган препараттын калдыгынын болушуна уруксат берилет.
17. Бейтап жеке өзү же бейтаптын амбулаториялык медициналык картасында көрсөтүлгөн адам аркылуу белгиленген тартипте баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын рецепт боюнча ала алат. Дары каражатын алууда бейтаптын өздүгүн ырастоочу документ, же кагаз түрүндөгү документтин электрондук сүрөтү же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу тиешелүү санариптик документ, ошондой эле алуучунун өздүгүн ырастоочу документ көрсөтүлүүгө тийиш.
Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган дары каражатын берүүдө фармацевт дары каражатын алган адамдын маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты, ЖИН, колу) рецептте көрсөтөт.
18. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды рецепт боюнча административдик-аймактык байланышсыз Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү укугуна тиешелүү уруксат берүүчү документтери бар бардык дарыканалардан сатып алууга болот.
19. Өнөкөт оорулары бар оорулуулар үчүн дары каражаттарына рецепттер бир жылга чейинки мөөнөткө созулган дарылоо курсуна жазылышы мүмкүн, спирт камтыган экстемпоралдык даярдалган дары каражаттарын, предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары каражаттарын жана анаболикалык гормондорду кошпогондо.
Мындай учурларда рецепттерде "Атайын дайындоо боюнча" деген жазуу болушу керек, врачтын колу коюлуп, саламаттык сактоо уюмунун "Рецепттер үчүн" мөөрү менен бекитилген болууга тийиш.
20. Бул Эрежелерде белгиленген талаптардын жок дегенде бирине жооп бербеген рецепт жараксыз деп эсептелет.
21. Рецепт жазган адамдар ушул Эрежелерде белгиленген тартипти жана талаптарды бузган учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Begin_nocompare
Дары каражаттарына рецепт жазуу эрежелерине 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Медициналык документ
ДК-1 формасы Өлчөмү 105x145 мм
Уюмдун аталышы жана коду (штамп)
Рецепт (чоңдор үчүн, балдар үчүн - керектүүсүнүн алдын чийүү керек) "___" ___________ 20___-ж. Оорулуунун аты-жөнү: _______________________________________________________________ Жашы: ____________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ Врачтын аты-жөнү: __________________________________________________________________ Rp: _______________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ Rp: _______________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________
Врачтын колу жана жеке мөөрү
М.О.
__________________________________________________________________________________ Рецепт ______ күн, ______ ай, _______ жыл аралыгында жарактуу (көрсөтүү керек).
ДК-1 формасындагы рецепттин арткы бетинде врачка эскертүү
Саламаттык сактоо уюмунун коду типографиялык ыкма менен басылат же штамп коюлат. Жеке практикалык врачтардын рецепт бланктарында алардын дареги, лицензиясынын номери, берилген күнү, жарактуулук мөөнөтү жана аны берген уюмдун аталышы типографиялык ыкма менен жогорку бурчунда көрсөтүлүшү керек. Рецепт латын тилинде, түшүнүктүү, так, шариктүү калем менен жазылат. Оңдоолорду киргизүүгө тыюу салынат. Бир рецепт бланкына предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары каражатынын бир аталышын жана рецепт менен берилүүчү дары каражаттарынын 2 аталышына чейин жазууга уруксат берилет. Белгилердин кабыл алынган кыскартууларына гана уруксат берилет, катуу жана куюлма заттар - грамм жана миллиграмм менен, суюк заттар - миллилитр, грамм же тамчы менен жазылат. Колдонуу ыкмасы мамлекеттик же расмий тилде көрсөтүлөт. Жалпы көрсөткүчтөр менен чектелүүгө тыюу салынат: "ички", "белгилүү" ж.б. Оорулуунун толук аты-жөнү, жашы жана врачтын аты-жөнү көрсөтүлөт. Врачтын колу анын жеке мөөрү жана саламаттык сактоо уюмунун рецепттер үчүн мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Врач бейтапка жазып берген рецепттин жарактуулук мөөнөтү жөнүндө эскертүүгө милдеттүү.
Баңгизат каражатын камтыган дарыларды алууга рецепт
AB № ___________
Өлчөмү 75x120 мм
д
(Штамп жана саламаттык сактоо уюмунун коду)
д
о
"___" ______________ 20___-ж.
а
к
Rp: __________________________________________________________________________
р
у
______________________________________________________________________________
ы
м
______________________________________________________________________________
к
е
______________________________________________________________________________
а
н
Кабыл алуу ___________________________________________________________________
н
т
______________________________________________________________________________
а
Жаран _______________________________________________________________________
д
ө
______________________________________________________________________________
а
з
Оору таржымалы № ____________________________________________________________
г
Врач _________________________________________________________________________
к
ө
______________________________________________________________________________
а
ч
______________________________________________________________________________
л
ө
(так жазуу керек)
а
М.О.
т
э
Сыя менен толтурулат.
с
Оңдоого жол берилбейт.
е
п
т
е
Эскертүү:
1) бул бланк суунун белгиси бар кагазда кызгылт түстөгү бекитилген үлгүнүн бланкын кайталайт;
2) сыя жана шариктүү калем менен толтурууга уруксат берилет;
3) аны тариздөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Дары
каражаттарына рецепттерди жазуу эрежелеринин 11-пунктуна ылайык ишке ашырылат;
4) жазылган баңгизат препаратынын саны сөз менен жазылат.
Дары каражаттарына рецепт жазуу эрежелерине 2-тиркеме
Рецепттин негизги маанилери
№
Кыскартылышы
Толук жазылышы
Котормосу
1
aa
ana
боюнча, тең жарымы
2
ac., acid.
acidum
кислота
3
amp.
ampulla
ампула
4
aq.
aqua
суу
5
aq. pur.
aqua purifficatae
тазартылган суу
6
but.
butyrum
май (катуу)
7
comp., cps.
compositus (a, um)
татаал
8
D.
Da (Detur, Dentur)
бер (берилсин, баары берилсин)
9
D.S.
Da. Signa; Detur. Signetur
бер, белгиле; берилсин, белгиленген
10
D.t.d.
Da (Dentur) tales doses
мындай дозаларды бер (берилсин)
11
dil.
dilutus
аралашылган
12
div. in p. aeq.
divide in partes aequales
бирдей бөлүктөргө бөл
13
extr.
extractum
экстракт, тартуу
14
f.
fiat (fiant)
түзүлсүн (баары түзүлсүн)
15
gtt.
gutta, guttae
тамчы, тамчылар
16
inf.
infusum
тундурма
17
in amp.
in ampullis
ампулаларда
18
in tabl.
in tab(u)lettis
таблеткаларда
19
lin.
linimentum
суюк мазь
20
liq.
liquor
суюктук
21
m.pil.
massa pilularum
пилюль массасы
22
M.
Misce, Misceatur.
аралаштыр, аралашкан болсун
23
N.
numero
күнү менен
24
ol.
oleum
май (суюк)
25
pil.
pilula
пилюля
26
p. aeq.
partes aequales
бирдей бөлүктөр
27
pulv.
pulvis
порошок
28
q.s.
quantum satis
канча талап кылынса, канча болсо
29
r. rad.
radix
тамыр
30
Rp.
Recipe
ал
31
Rep.
Repete, Repetur
кайтала, кайталанышы керек
32
rhiz.
rhizoma
тамыр
33
S.
Signa.
белгиле, белгилөө керек
34
sem.
semen
урук
35
simpl.
simplex
жөнөкөй
36
sir.
sirupus
сироп
37
sol.
solutio
эритме
38
supp.
suppositorium
свеча
39
tabl.
tab(u)letta
таблетка
40
t-ra, tinct.
tinctura
тундурма
41
ung.
unguentum
мазь
42
vitr.
vitrum
склянка
43
ppt., praec.
praecipitatum
чөкмөсү бар
44
past.
pasta
паста
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябры № 572 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына рецепт жазуу тартибин бекитүү жөнүндө жана аларды берүү…Постановление · 08.09.2025 · № 572
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар…Постановление · 26.03.2025 · № 152