# Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 26-августунданы №69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 26-августунданы №69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44746/edition/37596/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 26-августунданы №69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (26.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031767

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 26-августу № 69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 67-беренесинин, 3-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-июлундагы №01-12/3844 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы

министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн 438,7 м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;

2. Жер аянтынын так өлчөмү жана чек аралары тиешелүү жоболорго ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, шаардык архитектура жана жер ресурстар бөлүмү тарабынан белгиленсин.

3. Токтом жалпыга Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу

жарыялансын.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция

башкармалыгына жөнөтүлсүн

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин

архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын

Төрага:

А.Аширов
