# Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-августундагы №46 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-августундагы №46 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031747>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44730/edition/37569/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-августундагы №46 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө" токтому (25.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031747

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 25-августу № 46 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Ак-Татыр айылөкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсү 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурууга графикти бекитүү боюнча айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:

1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз, Үч-Дөбө жана Рават айылдарында 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууну өткөрүү үчүн төрт айылда өтө турган күндөрү белгиленсин, жооптуу адамдар көрсөтүлсүн.

2.Айылдарда өтө турган күндөрү жана жооптуу адамдар.

№

Айылдын аты

Боло турган күнү жана сааты

Жооптуу адамдар

1

Үч-Дөбө

02.09.2025, 10:00

Даабеков Сайтбурхан

Өкмөт башчы

2

Орто-Боз

03.09.2025, 10:00

Жапарова Айымбасар

Өкмөт башчы

3

Ак-Татыр

04.09.2025, 10:00

Темиров Акжол

Өкмөт башчы

4

Рават

05.09.2025, 10:00

Жапаров Нурудүн

Өкмөт башчы

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, төраганын орун басарына жүктөлсүн.

4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Төрага:

Т.Исманов
