# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 "Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 "Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 491
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44727/edition/37563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 "Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031741

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 13-августу № 491

Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик жана муниципалдык секторлордо жаш адистерди кесиптик ишке тартуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-июлундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-июлундагы № 296 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
