# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябры № 619 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябры № 619 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 619
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44699/edition/37532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябры № 619 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (26.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031711

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 26-сентябры № 619

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 582 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
