# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 604 "Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 604 "Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 604
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031706>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44697/edition/37526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031706.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 604 "Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (23.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031706

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 23-сентябры № 604

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдардын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 116-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 738 “Республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 289 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 738 “Республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
