# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 485
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44695/edition/37528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031703

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 12-августу № 485

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун "з" пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо: жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:

"

9-1

САЧКӨМдүн ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү

САЧКӨМ

САЧКӨМдүн ведомстволук мекемелеринин кирешелери

";

- 17-пункттагы "СД" деген аббревиатура "Сот актыларын аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

53

Негизги капиталга инвестициялардын жана капиталдык салымдарга чыгымдардын, анын ичинде мамлекеттик казыналык милдеттенмелер тарабынан төлөнгөн чыгымдардын көлөмүнөн 2,9 пайызга чейинки өлчөмдөгү түшүүлөр

Мамлекеттик мекемелер

";

- Кыскартуулардын тизмесинде:

он алтынчы абзацтагы "Финансы министрлигине" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын; жыйырма сегизинчи, отуз экинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "

САЧКӨМ

\-

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
