# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры №602 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры №602 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 602
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031697>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230031697/edition/37514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры №602 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (23.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031697

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 23-сентябры №602

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Электрондук ведомстволор аралык маалымат алмашууга өтүү жолу менен мамлекеттик органдардын жарандардан документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүү талаптарын жокко чыгаруу (жөнөкөйлөтүү) боюнча милдеттерди ишке ашыруу, жол-жоболорду өтүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:

– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. “Улуттук” деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна сунушталган талапкерди дайындоо жөнүндө сунушка төмөнкү документтер тиркелет:

1) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

2) илимий эмгектердин тизмеси;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык билими, окумуштуулук даражасы жана наамы жөнүндө документтердин түп нускалары;

4) эмгек китепчесинин түп нускасы;

5) жогорку окуу жайын өнүктүрүүнүн перспективдүү планы;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарды ырастоочу башка документтер.

Ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жооптуу кызматкери күбөлөндүргөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилет. Кызмат ордуна дайындоо жөнүндө сунушта “улуттук” деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган талапкердин ишкердик жана жеке сапаттарынын кыскача мүнөздөмөсү берилет.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

А.А. Касымалиев
