# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 71 "Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 1168 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 71 "Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 1168 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3940/edition/37508/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031690.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 71 "Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 1168 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому (10.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031690

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ

2025-жылдын 10-сентябры № 71 Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 1168 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1..Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №1168 шайлоо участогунун дарегин Тунгуч кичирайону, 2а дарегинде жайгашкан №18 кесиптик лицейинин имаратынан Ч. Валиханов көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан №93 кесиптик лицейинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 70 (3726) саны менен жарыяланды

Төрага

Т. Шайназаров
