Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 15 мая 2026 года № 2026-П-12/30-1-(ПС) "О признании утратившими силу некоторых постановлений Правления Национального банка Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-05-15.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 15-майындагы № 2026-П-12/30-1-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябрындагы № 2025-П-14/48-4-(ПС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 9, 28, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын
4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы «бир жылдык мөөнөткө» деген сөздөр алынып салынсын;
- 3-пункту « жана 2026-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулат» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган тиешелүү уюмдарды тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
М. Тургунбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2026-жылдын 15-майындагы № 2026-П-12/30-1-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорун күчүн…Постановление · 15.05.2026 · № 2026-П-12/30-1-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) "Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо…Постановление · 04.09.2024 · № 2024-П-14/41-3-(ПС) · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2026-жылдын 15-майындагы № 2026-П-12/30-1-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорун күчүн…Постановление · 15.05.2026 · № 2026-П-12/30-1-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) "Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо…Постановление · 04.09.2024 · № 2024-П-14/41-3-(ПС) · Күчүн жоготкон