# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы № 23 “Штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы № 23 “Штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031655>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44676/edition/37465/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031655.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы № 23 “Штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө” токтому (26.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031655

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-январындагы № 23

“Штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил айылына «айыл» макамын ыйгаруу жөнүндө Жарлыгынын негизинде Исмаил айылынын айыл башчысы кызмат ордун штаттык бирдикке киргизүү жөнүндө маселени карап, талкуулап, Исмаил айыл тургундарынын 2024-жылдын 25-январында өткөзүлгөн чогулушунун протоколунун негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исмаил айылынын калкынын көбөйүшүнө байланыштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине Исмаил айылынын айыл башчысы кызмат ордун киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен эмгек акы төлөнсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы А.Б. Раимбековага тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.

Айылдык кенештин төрагасы

М.Б. Суюналиев
