Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январындагы № 23
“Штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил айылына «айыл» макамын ыйгаруу жөнүндө Жарлыгынын негизинде Исмаил айылынын айыл башчысы кызмат ордун штаттык бирдикке киргизүү жөнүндө маселени карап, талкуулап, Исмаил айыл тургундарынын 2024-жылдын 25-январында өткөзүлгөн чогулушунун протоколунун негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исмаил айылынын калкынын көбөйүшүнө байланыштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине Исмаил айылынын айыл башчысы кызмат ордун киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен эмгек акы төлөнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы А.Б. Раимбековага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы
М.Б. Суюналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.