# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 523 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 523 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 523
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44653/edition/37439/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031628.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 523 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө" токтому (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031628

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 23-августу № 523

"Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)

Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча чараларды күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун уюштуруучусу катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларын "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомуна өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 414 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Фонд "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коому дайындаган байкоочу кеңеш тарабынан башкарылат;"; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо жана долбоордук кеңсени каржылоо үчүн гана пайдаланылат.".

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коому менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
