# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-январындагы № 12 “Дене тарбия-ден соолук комплекси жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-январындагы № 12 “Дене тарбия-ден соолук комплекси жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44643/edition/37426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-январындагы № 12 “Дене тарбия-ден соолук комплекси жөнүндө” токтому (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031614

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-январындагы № 12

“Дене тарбия-ден соолук комплекси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ№1 “Инсандык руханий адеп-ахлахтык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында жайгашкан М. Кыргызбаев атындагы ат-майданын кыргыз улуттук оюндарын өткөрүү үчүн Кызыл-Туу айылынын тургундарынан келип түшкөн арызды карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылында жайгашкан М. Кыргызбаев атындагы ат-майданы кыргыз улуттук оюндарын өткөрүү максатында дене тарбия-ден - соолук комплекси болуусуна макулдук берилсин.

2. М. Кыргызбаев атындагы дене тарбия -ден соолук комплекси муниципалдык баланска алынсын.

3. Айыл өкмөт башчысы А.М. Сагынбеков дене тарбия -ден солук комплексти документтештирүү жагы мыйзам чегинде ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Айылдык Кенештин төрагасы

М.Б. Суюналиев
