Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Дене тарбия-ден соолук комплекси жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-январындагы № 12
“Дене тарбия-ден соолук комплекси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ№1 “Инсандык руханий адеп-ахлахтык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында жайгашкан М. Кыргызбаев атындагы ат-майданын кыргыз улуттук оюндарын өткөрүү үчүн Кызыл-Туу айылынын тургундарынан келип түшкөн арызды карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылында жайгашкан М. Кыргызбаев атындагы ат-майданы кыргыз улуттук оюндарын өткөрүү максатында дене тарбия-ден - соолук комплекси болуусуна макулдук берилсин.
2. М. Кыргызбаев атындагы дене тарбия -ден соолук комплекси муниципалдык баланска алынсын.
3. Айыл өкмөт башчысы А.М. Сагынбеков дене тарбия -ден солук комплексти документтештирүү жагы мыйзам чегинде ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы
М.Б. Суюналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.