# Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-ноябрындагы № II "Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арал участкасындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан №268 контурундагы жерлерди айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алып жана аукционго коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-ноябрындагы № II "Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арал участкасындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан №268 контурундагы жерлерди айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алып жана аукционго коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: II
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44632/edition/37414/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-ноябрындагы № II "Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арал участкасындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан №268 контурундагы жерлерди айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алып жана аукционго коюу жөнүндө" токтому (22.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031604

---

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы

2022-жылдын 22-ноябрындагы № II

Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арал участкасындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан №268 контурундагы жерлерди айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алып жана аукционго коюу жөнүндө Папан айылдык кеңеши айыл өкмөттүн 15-ноябрь 2022-жылдагы чыгыш №0216/613 катын карап чыгып,муниципалдык мүлктү менчиктештирүү усулдарын карап,КРнын өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы №184 2016-жылдын 22-июнундагы, №84 2020-жылдын 6-мартындагы, №24 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык,12/1 муниципалдык статьясына таянып токтом кылат:

1. Папан айыл өкмөтүндөгү Арал участкасындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан,№268контурдагы жалпы аянты 0,47 га барабар болгон 0,0367 чарчы метр жер аянты жана №268 контурдагы жайгашкан 25,37 чарчы метр жер аянтындагы соода түйүндөрдүн орду Папан айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында аукциондун негизинде сакталсын.

2. Бул токтомду ишке ашыруу Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Тагаев
