# Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 03-июлундагы №64 Ош шаарынын географиялык объектисин кайра атоо жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 03-июлундагы №64 Ош шаарынын географиялык объектисин кайра атоо жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44616/edition/37398/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 03-июлундагы №64 Ош шаарынын географиялык объектисин кайра атоо жөнүндө токтому (03.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031587

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 03-июлу № 64

Ош шаарынын географиялык объектисин кайра атоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 23-июнундагы №5 протоколун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 25-июнундагы №36 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүп, Алымбек Датка атындагы көчө деп аталсын.

2.Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоого жана орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгына (К.Абдыкадыров), аларды даярдоо жана орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Казыбай уулу) милдеттендирилсин.

3.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалына (А.Мокеев), Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Каныбек уулу А.) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.

4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн

Төрага:

Б.Т. Баетов
