# Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 03-июлундагы №63 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 03-июлундагы №63 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44615/edition/37397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 03-июлундагы №63 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому (03.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031586

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 03-июлу № 63

Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын Аэропорт шаарчасында жайгашкан жалпы аянты 35900,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө сунушун карап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 25-июнундагы №37 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаарынын Аэропорт шаарчасынын №4, №6 контурларында жайгашкан жалпы аянты 35900,0 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Т. Баетов
