# Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) тартипте кабыл алуу жөнүндө Эреже (МКЖӨБМАнын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 01-25/329 буйругу менен бекитилди)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) тартипте кабыл алуу жөнүндө Эреже (МКЖӨБМАнын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 01-25/329 буйругу менен бекитилди)
- Актынын түрү: Правила
- Номери: 01-25/329
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/51-662/edition/37305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) тартипте кабыл алуу жөнүндө Эреже (МКЖӨБМАнын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 01-25/329 буйругу менен бекитилди) (10.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031499

---

МКЖӨБМАнын 2025-жылдын 10-сентябрындагы

№ 01-25/329 буйрукка тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) тартипте кабыл алуу жөнүндө

ЭРЕЖЕЛЕР

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Эрежелер (мындан ары - эрежелер) министрликтердин борбордук аппараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын айрым административдик кызмат орундарына (мындан ары-административдик кызмат орундары) өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү маселелерин жөнгө салат.

2. Административдик кызмат орундарына квалификациялык талаптар

2. Административдик бош кызмат ордун ээлөөгө талапкер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

Талапкерлердин бул талаптарга ылайык келүү тартиби жана ыкмалары мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же тиешелүү кызматтарга дайындоо ыйгарым укуктарына кирген кызмат адамы тарабынан аныкталат.

3. Административдик кызмат ордуна дайындоонун тартиби жана шарттары

3. Айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде кенже, улук жана башкы кызмат орундарына дайындалуучу адамдын болушу жөнүндө талаптарды эске албастан, бирок мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келген шартта жүзөгө ашырылат.

4. Министрликтердин борбордук аппараттарында мамлекеттик жарандык кызматтын бош кызмат орундарын өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) учурдагы календардык жылга министрликтин борбордук аппаратынын белгиленген штаттык санынын 10 пайызынан ашпаган санда ээлөөгө жол берилет.

Министрликтер мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дайындоолордун санын көрсөтүү менен квартал сайын өзгөчө тартипте кызмат орундарын ээлегендиги жөнүндө маалымат беришет.

5. Дайындоо иш стажына, жогорку билиминин болушуна карата белгиленген квалификациялык талаптарды сактоо менен, мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган талапкердин соттолгондугу жоктугун эске алуу менен жүргүзүлөт.

6. Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кабыл алынуучу адамдар мамлекеттик органдагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы акыркы кызматында 6 ай болгондон кийин кадрлар резервине киргизилет.

7. Саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондугуна байланыштуу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызмат токтотулган учурда, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
