Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Узун-Кыр айылдык кеңешинин «Узун-Кыр айыл аймагынын мамлекеттик айыл чарба жерлер фондусунан (МАМФ) жер тилкелерин ижарага берүү боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтому
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-ноябры № 74/ХVI-28
Узун-Кыр айыл аймагынын мамлекеттик айыл чарба жерлер фондусунан (МАМФ) жер тилкелерин ижарага берүү боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55 “Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн токтомдоруна толуктоолорду жана өзгортүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик фонддун жерлеринин айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосу” боюнча Узун-Кыр айыл аймагынын башчысы Э.М.Алыбаевты билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Узун-Кыр айыл аймагынын мамлекеттик айыл чарба жерлер фонду (МАМФ) жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия төмөнкү курамда бекитилсин.
- Казакбаев Б.З. Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты
- Лоева З.М. айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы – комиссиянын катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Алыбаев Э.М. Узун-Кыр айыл аймагынын башчысы
- Ысык-Ата районундагы УАРдын өкүлү
- Мусина Э.Ш. Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты – жер иштетүү жана айыл чарба, мал чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы
- Кадыркулов Т.А. Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты
- Токтогулова Н.И. Достук айылынын башчысы
- Табалдиева А.А. Төмөнкү Норус айылынын башчысы
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айылдык кеңешинин айыл чарба, жер иштетүү жана мал чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.Б.Сманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун…Постановление · 15.02.2019 · № 55
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябры № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары…Постановление · 18.11.2016 · № 599