# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 01-25/329 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 01-25/329 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 01-25/329
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1777/edition/37272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031460.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 01-25/329 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу (10.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031460

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2025-жылдын 10-сентябры № 01-25/329

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген укуктук мүнөзгө ээ мамлекеттик органдардын актыларын кабыл алуу Тартибин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобосун эске алуу менен, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоодо ушул Эрежелерди жетекчиликке алышсын.

3. Агенттиктин финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Агенттиктин веб-сайтында жарыяласын.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары Т.Э. Шамбетовго жүктөлсүн.

Директор

К. Б. Базарбаев
