Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин «Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө» Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылыштагы 15-сессиясы
2022-жылдын 23-декабры №48 “Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө” Жобосунун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык,
Александровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө” Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Султаналиев Н.А. “Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө” Жобосун жетекчиликке жана аткарууга алсын.
3. Ижарачылар менен макулдашуу боюнча мурунку түзүлгөн Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди ижарага берүү келишимдерине өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Александровка айылдык кеңеши менен кабыл алынган 2022-жылдын 2-сентябрындагы “Жерлерди колдонуу жана ижара төлөмү жөнүндө” №33 токтому жокко чыгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышна көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С.Ясыровко жүктөлсүн.
Төрайым
Давузова М.Ю.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) жерлерди ижарага берүү жөнүндө (Александровка айыл аймагынын…Положение · 23.12.2022 · № 48
- Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 33 "Жерлерди колдонуу жана ижара төлөмү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.09.2022 · № 33 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) жерлерди ижарага берүү жөнүндө (Александровка айыл аймагынын…Положение · 23.12.2022 · № 48