Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин «Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакырылыштын 8-кезексиз сессиясы
2025-жыл 19-март № 29-8\6
Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө Салык, салык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75, 76-беренесинин 2- жана 3- бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынын таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Пахта айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин
2. Жеке жана юридикалык жактар- ишкердик иши үчүн төмөндөгүдөй бекитилсин:
3. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.
4. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин.
5. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-июнга чейин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы
Бердигулов А.М
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90