# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230031413)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031413/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5638/edition/37230/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031413/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031413/st-2

---

"Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 1999-ж., № 12, 528-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Чек ара аралык таасир этүү - физикалык булагы "Кыргыз Республикасынын БУУнун Европалык Экономика Комиссиясынын чек ара аралык контекстте айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү жөнүндө Конвенциясына кошулуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка Тараптын юрисдикциясына кирген райондун чегинде жайгашкан белгиленген иштен келип чыгуучу, тигил же бул Тараптын юрисдикциясындагы райондогу глобалдуу мүнөздөгү эле эмес, ар кандай таасир.";

2) 8-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 11-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эксперттик комиссиянын курамына экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын штаттык кызматкерлери жана компетенциясына айлана-чөйрөнү коргоо маселелери кирген адистер киргизилет.";

4) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү мөөнөттөрү Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү мөөнөттөрү экспертизанын объектисинин татаалдыгы менен аныкталат:

- чек ара аралык таасири бар объекттер - 60 жумуш күн;

- коркунучтуулуктун I категориясындагы обьекттер - 40 жумуш күн;

- коркунучтуулуктун II категориясындагы объекттер - 20 жумуш күн;

- коркунучтуулуктун III категориясындагы объекттер - 10 жумуш күн.".

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230031413/st-9)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230031413/st-3)
