2-берене
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
"Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 1999-ж., № 12, 528-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чек ара аралык таасир этүү - физикалык булагы "Кыргыз Республикасынын БУУнун Европалык Экономика Комиссиясынын чек ара аралык контекстте айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү жөнүндө Конвенциясына кошулуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка Тараптын юрисдикциясына кирген райондун чегинде жайгашкан белгиленген иштен келип чыгуучу, тигил же бул Тараптын юрисдикциясындагы райондогу глобалдуу мүнөздөгү эле эмес, ар кандай таасир.";
2) 8-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 11-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эксперттик комиссиянын курамына экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын штаттык кызматкерлери жана компетенциясына айлана-чөйрөнү коргоо маселелери кирген адистер киргизилет.";
4) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү мөөнөттөрү Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү мөөнөттөрү экспертизанын объектисинин татаалдыгы менен аныкталат:
- чек ара аралык таасири бар объекттер - 60 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун I категориясындагы обьекттер - 40 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун II категориясындагы объекттер - 20 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун III категориясындагы объекттер - 10 жумуш күн.".
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Экологиялык экспертиза жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 54
- О присоединении Кыргызской Республики к Конвенции Европейской Экономической Комиссии ООН об оценке воздействия на окружающую среду в трансграничном контекстеЗакон · 12.01.2001 · № 6
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230031413/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>