# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 548 "Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 548 "Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 548
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44497/edition/37222/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 548 "Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (02.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031409

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-сентябры № 548

Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Экспорттук контролдун натыйжалуу системасын түзүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына, “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 11-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер жана ведомстволор ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобону ишке ашырууну камсыз кылсын жана жетекчиликке алсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 67 (3723) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

А.А. Касымалиев
