# Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы № 60 "Жеке менчиктеги жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы № 60 "Жеке менчиктеги жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44485/edition/37210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы № 60 "Жеке менчиктеги жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (19.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031404

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 16-сессиясы

2023-жылдын 19-январы №60 Жеке менчиктеги жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адиси Д.Ю.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине жана 13-беренесине ылайык

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :

1. Александровка айыл өкмөтүнө төмөнкү Александровка айыл аймагында жайгашкан жеке менчиктеги жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин:

- Александровка айылындагы Ворошилова көчөсү №38 а/1 дарегинде жайгашкан жеке менчиктеги, аянты 361,6 кв.метрди түзгөн жер тилкеси короо жай багытынан кампа багытына.

- Александровка айылынын Ташкентская көчөсүнүн №28а дарегинде жайгашкан жеке менчиктеги, аянты 320,2 кв.метрди түзгөн жер тилкеси короо жай багытынан кампа багытына.

2. Александровка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкелеринин багытын өзгөртүү боюнча керектүү иш кагаздарын дайындасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.

Төрайым

Давузова М.Ю.
