Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин «Жеке менчиктеги жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 16-сессиясы
2023-жылдын 19-январы №60 Жеке менчиктеги жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адиси Д.Ю.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине жана 13-беренесине ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айыл өкмөтүнө төмөнкү Александровка айыл аймагында жайгашкан жеке менчиктеги жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин:
- Александровка айылындагы Ворошилова көчөсү №38 а/1 дарегинде жайгашкан жеке менчиктеги, аянты 361,6 кв.метрди түзгөн жер тилкеси короо жай багытынан кампа багытына.
- Александровка айылынын Ташкентская көчөсүнүн №28а дарегинде жайгашкан жеке менчиктеги, аянты 320,2 кв.метрди түзгөн жер тилкеси короо жай багытынан кампа багытына.
2. Александровка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкелеринин багытын өзгөртүү боюнча керектүү иш кагаздарын дайындасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым
Давузова М.Ю.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон