# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 802-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 802-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 802-р
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19572/edition/37211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 802-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси (19.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031402

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 19-сентябры № 802-т

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топтун курамында:

– биринчи абзацта “биринчи орун басары” деген сөздөр “орун басары” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.”.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
