# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 578
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44480/edition/37199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230031393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелери жөнүндө" токтому (11.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031393

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 11-сентябры № 578 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө тартибин регламенттөө максатында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул токтом менен бекитилген жогоруда аталган Төлөө эрежелерине ылайык Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөөнү төмөнкүдөй тартипте камсыз кылсын:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурдан тартып, – каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;

2) 2013-жылдын 1-январынан тартып:

– Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен жана кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;

– жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар жана 2012-жылдын 1-январынан тартып Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган иштеп жаткан пенсионерлерге;

3) 2013-жылдын 1-январынан тартып, бирок мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияга укук пайда болгон күндөн эрте эмес, – камсыздандырылган адамдардын төмөнкү категорияларына:

– 2012-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын топтоо бөлүгүн түзүүдөн чыгарылган: 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектерге жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдарга;

– “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыгып жаткандарга;

– “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккандарга.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 338 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 310 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 710 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 261 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 711 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

4. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна ушул токтомду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен өз ара аракеттенүүнү улантуу сунушталсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
